#САЯСИЙ_КОКТЕЙЛЬ Канат Сагымбаев: "Опумбаев менен Жунушалиев Кой-Таш окуялары үчүн качып кетишти"

10 Просмотры
Издатель
"Супер ТВ" каналындагы "Саясий коктейль" берүүсүндө УКМКнын мурдагы кызматкери, экс-президент Алмазбек Атамбаевдин жан сакчысы, Кой-Таш окуялары боюнча айыпталып жаткан Канат Сагымбаев маек берди. Ал "Сооронбай Жээнбековдун саясий заказын аткарып, "Альфанын", милициянын кызматкерлерин отко салып бергендер, бөөдө өлүмгө туш кылгандар кайра эле кызматка келип жаткандарына кейий турганын айтат. "ИИМдин ошол кездеги башчысы Кашкар Жунушалиев жана УКМКны жетектеген Орозбек Опумбаев Кой-Таш окуяларындагы айыптарын билгени үчүн бийлик алмашканда качып кетишти" деген пикирде. Абакта жатып жазган каттары, түрмөнүн азабы, сыртта азап тарткан энеси, сулуу кол жазмасы кайдан келип чыккандыгы 9-октябрда Атамбаевди октон кантип жазгыргандары жана башка бир топ маалыматтарды баяндап берди.

Маекти толугу менен видеодон көрүп, өз бааңызды бериңиз.
Категория
Напитки
Комментариев нет.