АНОНС! Бектур Асанов: "Атамбаев СИЗО-1де отурган "хатада" биз да отурганбыз"

27 Просмотры
Издатель
SUPER TV каналындагы «Саясий коктейль» берүүсүнүн кезектеги коногу саясатчы Бектур Асанов болду. Ал президенттикке талапкерлигин көрсөтүп, бирок БШК соттуулугу жоюла элек деген жүйө менен документтерин кайтарып берген. Буга байланыштуу Асанов ачкачылык жарыялап, кайра аны токтотту.

Бектур Асанов маек учурунда абакта отурган күндөрүн эске сала кетти. "СИЗО-1де биз да отурдук. Атамбаев жер төлөдө, өмүр бою эркинен ажыратылган камера деп айтпадыбы... Аны "хата" деп коюшат. Ал жерде мен да отургам. Эми бул моралдык жана психологиялык кысым. Бирок СИЗО-1 УКМКнын тергөө абагына караганда бир канча жеңил", - дейт саясатчы.

Маекти толугу менен жакынкы сааттарда  ЖАҢЫЛЫКТАР-SUPER TV жана SUPER TV YouTube каналдарынан көрө аласыздар.
Категория
Напитки
Комментариев нет.